current location : Lyricf.com
/
Songs
/
Dernière danse [Kyrgyz translation]
Dernière danse [Kyrgyz translation]
turnover time:2024-04-28 09:35:28
Dernière danse [Kyrgyz translation]

О менин таттуу азаптарым.

Эмнеге артыман кайрадан кууйсуңар

Мен болгону бир эч маанисиз бирдемемин

Ансыз мен бир байкуш пендемин.

Метродо жалгыз сандалам.

Акыркы бий.

Эбегейсиз сыздоону унутмакка.

Качкым келет, анткени баары кайталанат,

О менин таттуу азаптарым.

Асманды, күндү-түндү аралаштырам.

Шамал, жамгыр менен бийлейм.

Биртике сүйүү, бир тамчы бал

Жана мен бийлейм, бийлейм, бийлейм, бийлейм, бийлейм, бийлейм.

Жана ызы-чууда мен чуркайм, корком.

Бу менин кезегимби?

Кыйналуу келет…

Бүт Париждин ичинде өзүмдөн кутулам

Да качып учам, учам, учам, учам.

Кандай үмүт…

Бул сен жок жолдо.

Канча аракет кылсам дагы сенсиз менин жашоом маанисиз бир жаркыраган жасалга.

Асманды, күндү-түндү аралаштырам.

Шамал, жамгыр менен бийлейм.

Биртике сүйүү, бир тамчы бал

Жана мен бийлейм, бийлейм, бийлейм, бийлейм, бийлейм, бийлейм.

Жана ызы-чууда мен чуркайм, корком.

Бу менин кезегимби?

Кыйналуу келет…

Бүт Париждин ичинде өзүмдөн кутулам да

Качып учам, учам, учам, учам.

Бул таттуу азапка

Бүт күнөөмдү төлөп бергем.

Укчу канчалык жүрөгүм зор экенин –

Мен бүт дүйнөнүн баласымын.

Асманды, күндү-түндү аралаштырам.

Шамал, жамгыр менен бийлейм.

Биртике сүйүү, бир тамчы бал

Жана мен бийлейм, бийлейм, бийлейм, бийлейм, бийлейм, бийлейм.

Жана ызы-чууда мен чуркайм, корком.

Бу менин кезегимби?

Кыйналуу келет…

Бүт Париждин ичинде өзүмдөн кутулам да

Качып учам, учам, учам, учам.

Comments
Welcome to Lyricf comments! Please keep conversations courteous and on-topic. To fosterproductive and respectful conversations, you may see comments from our Community Managers.
Sign up to post
Sort by
Show More Comments
Indila
  • country:France
  • Languages:French, English
  • Genre:Pop, R&B/Soul
  • Wiki:https://fr.wikipedia.org/wiki/Indila
Indila
Latest update
Copyright 2023-2024 - www.lyricf.com All Rights Reserved